# 7-берене. МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салымдар

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 7-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-7

---

1. МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салымдар өнөктөштөрдүн материалдык жана/же материалдык эмес активдери болушу мүмкүн.

Материалдык активдер деп (анын ичинде, бирок чектелбестен) мамлекеттик бюджеттин каражаттарын кошуп алганда, акча каражаттар, мүлктүк комплекстер катары ишканаларды, товарларды кошуп алганда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка объекттер таанылат. Материалдык эмес активдер деп (анын ичинде, бирок чектелбестен) мамлекеттик өнөктөштүн милдеттенмелерин аткаруу кепилдиктери; интеллектуалдык менчик укугунун объекттери, талап кылуу укуктары, жеке мүлктүк эмес укуктар, маалымат ж.б. таанылат.

2. МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салымдардын булактары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;

2) мамлекеттик өнөктөштүн каражаттары;

3) мамлекеттик өнөктөштүн карамагында турган мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлк;

4) жеке өнөктөштүн каражаттары;

5) тартылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар.

3. МЖӨ долбоорлоруна салымдар 49 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-8)
