# 6-берене. МЖӨ принциптери

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 6-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-6

---

1. МЖӨ төмөнкү принциптерге негизденет:

1) мыйзамдын үстөмдүгү;

2) адилеттүүлүк, өнөктөштүк жана келишимдин эркиндиги;

3) туруктуулук жана узак мөөнөттүү чыдамдуулук;

4) иштин ачыктыгы;

5) тобокелдиктерди адилеттүү бөлүштүрүү;

6) айлана-чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо;

7) салыктык текшерүүлөрдү кошпогондо, МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин 3 жылга чейин укук коргоочу жана текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбестик.

2. МЖӨ боюнча макулдашуулар түзүлгөндөн кийин кабыл алынган жана МЖӨ маселелерин козгогон мыйзамдар жана мыйзамдык актылар долбоор боюнча жеке өнөктөштөн аларды колдонуунун зарылдыгы жөнүндө демилге чыккан учурларды кошпогондо, колдонуудагы макулдашууларга карата колдонулбайт. Бул учурда колдонуудагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү МЖӨ жөнүндө тиешелүү макулдашууларда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Жарандардын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган тиешелүү аракеттерди жасоо, МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мониторинги мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболор менен аныкталат. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-7)
