# 4-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 4-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-4

---

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - бул инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык акционердик коомдор менен биргеликте, ал эми чакан долбоорлор боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор менен биргеликте мамлекеттик өнөктөш болууга укуктуу. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер жеке өнөктөш болууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-5)
