# 3-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 3-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-3

---

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) инфратүзүмдүк объекттерди түзүүнүн жана инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;

2) инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, курууга жана/же модернизациялоого, эксплуатациялоого, күтүүгө жана инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу;

3) өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартуу;

4) жеке сектордун кошумча башкаруучулук дараметин тартуу;

5) инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда активдердин иштөө түрмөгүнүн ичинде баасынын жана сапатынын оптималдуу катышына же алардын багыттуулугунун ылайыктуулугуна жетишүү;

6) жеке сектордун жаңычылдыгын жана натыйжалуулугун пайдалануу;

7) жаңы технологиялардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө дем берүү.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-4)
