# 20-1-берене. МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-20-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 20-1-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-20-1

---

МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун натыйжалуу координациялоо максатында, МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү жана координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) МЖӨ чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү;

2) эл аралык финансы институттарынын катышуусунда ишке ашырылуучу өзгөчө маанидеги МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо;

3) МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышын баалоо, анын ичинде алардын максаттуу индикаторлоруна жетишүүсүнө мониторинг жүргүзүү;

4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, ишкерлердин жана кызыкдар жактардын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча теориялык билимдеринин жана практикалык тажрыйбасынын деңгээлин жогорулатуу;

5) МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга караштуу МЖӨ долбоорлорун даярдоо тобун түзүү жана анын ишин координациялоо;

6) МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү;

7) регионалдык өкүлчүлүктөрдү түзүү жана аларды координациялоо.".

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-20)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-21)
