# 2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 2-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-2

---

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мамилелер ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик сатып алуулар жана менчиктештирүү менен байланышкан инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулбайт.

2. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналган ченемдерди башка мыйзамдарга киргизүүгө жол берилбейт.

3. Мамлекеттер аралык мүнөздөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча өз ара мамилелер мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген объекттерге карата колдонууда Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарынын талаптары да сакталуусу тийиш.

5. Банктык укук мамилелерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъекттерге карата ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен колдонулат.

Эгерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар болуп саналса, анда ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-3)
