# 18-берене. МЖӨ долбоорлорун "долбоордук кум коргон" принциби боюнча ишке ашыруу

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 18-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-18

---

1. Жаңы инновациялык МЖӨ долбоорлорун пилоттук режимде пробациялоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инновациялык иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясына ылайык кызыкдар жакка МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө сунуш киргизе алат.

2. Кызыкдар жактын МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу боюнча макулдугу болгон учурда МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер МЖӨ долбоору боюнча мамлекеттик өнөктөштү аныктайт. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөктөш менен биргеликте кызыкдар жак менен тиешелүү макулдашууну түзөт.

4. МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашырууга мониторинг кылууну мамлекеттик өнөктөш жүзөгө ашырат жана ал социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ушул МЖӨ долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында ушундай технологияны колдонуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуш киргизет.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-19)
