# 17-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуунун кесепеттери

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 17-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-17

---

1. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда жеке өнөктөш жана/же долбоордук компания төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:

1) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир убаралардан бош, мамлекеттик өнөктөштөн алынган инфратүзүмдүк объекти жана активдерди мамлекеттик өнөктөшкө өткөрүп берүүгө;

2) инфратүзүмдүк объектти эксплуатациялоо жана материалдык-техникалык тейлөө маселелери боюнча жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик өнөктөштүн персоналын даярдоого;

3) инфратүзүмдүк объектти мамлекеттик өнөктөшкө өткөрүп бергенден кийин 3 айдан кем эмес мөөнөттүн ичинде, эгерде бул талап кылынса, запастык бөлүктөрдү жеткирип берүүнү кошуп алганда, инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү жана ресурстарды берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга.

2. Жеке өнөктөштүн күнөөсү боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу, аны МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотууга байланыштуу башка тарап тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерге алып келет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-18)
