# 15-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 15-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-15

---

1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жана МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын расмий сайтына конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.

2. Консорциум жеңүүчү деп жарыяланган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү мөөнөтү кошумча 40 календардык күнгө узартылышы мүмкүн.

3. Конкурстун жеңүүчүсү МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук компанияны уюштурууга укуктуу.

Жеке өнөктөштүн жана/же долбоордук компаниянын ишин токтотуу, мүлкүн күрөөгө коюу, акцияларын (мүлктөгү үлүштөрүн, пайларын) ажыратуу же күрөөгө коюу, жеке өнөктөштүн жана/же долбоордук компаниянын уставдык (пайлык) капиталынын өлчөмүн өзгөртүү мамлекеттик өнөктөштүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

4. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында жеке өнөктөш жана/же долбоордук компания мамлекеттик өнөктөшкө кабарлоо менен банктык жана финансы-кредиттик уюмдар менен каржылоо жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-16)
