14-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 183
МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору төмөнкү шарттарды камтуусу тийиш:
1) Тараптардын сыпаттамасын, макулдашуунун предметин, тараптардын укуктарын жана милдеттерин;
2) МЖӨ объектинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен анын сыпаттамасын;
3) МЖӨ формасын;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде берилүүчү инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу көлөмүн, берүү тартибин жана сапат стандарттарын;
5) жаңычыл иштеп чыгуулардын, инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоо, куруу, кайра конструкциялоо, модернизациялоо (калыбына келтирүү) жана башкаруу, МЖӨ долбоору боюнча кызмат көрсөтүү тартибин жана мөөнөттүн;
6) МЖӨ объектин техникалык тейлөө тартибин жана мөөнөтүн;
7) кирешени алууну жана аны бөлүштүрүүнү;
8) мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүүнү;
9) долбоорду ишке ашырууга мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү тартибин;
10) МЖӨ долбоорун каржылоо булактарын;
11) инфратүзүмдүк объектке ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө тартибин;
12) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн жана тартибин;
13) макулдашуунун тараптарынын чыгымдардын ордун толтуруу мөөнөтүн жана тартибин;
14) МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүнүн тартиби жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негиздери;
15) МЖӨ жөнүндө макулдашууну колдонуу токтотулгандан кийин МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткарууга байланыштуу жеке өнөктөшкө өткөрүп берилген инфратүзүмдүк объекттин андан аркы юридикалык тагдырын аныктоону;
16) жеке өнөктөштүн МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун финансылык кепилдиктерин берүүсүн;
17) мамлекеттик өнөктөштүн МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун кепилдиктерин берүүсүн;
18) МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда тараптардын жоопкерчилигин;
19) МЖӨ жөнүндө макулдашуудан келип чыккан жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан талаштарды чечүү тартибин;
20) форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын аракеттери.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чыгымдардын ордун толтуруу мөөнөтүн жана тартибин;
14) МЖӨ жөнүндө алынып салынды: макулдашуунун кошулду: макулдашууну өзгөртүүнүн тартиби жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда алынып салынды: токтотууну жана негизин;
кошулду: токтотуунун негиздери;
15) МЖӨ жөнүндө макулдашууну колдонуу токтотулгандан кийин МЖӨ … чыккан жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан талаштарды чечүү алынып салынды: тартибин.кошулду: тартибин;
20) форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын аракеттери.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112275/st-14" title="14-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>