# 13-берене. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 13-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-13

---

1. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына берет.

2. Квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучулары сунуштардын суроо-талабын жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун конкурстун катышуучуларына жөнөткөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде сунуштар суроо-талабына жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 5 календардык күндүн ичинде конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алууга же четке кагууга укуктуу. Конкурска катышуу үчүн сунуштардын өзгөртүлгөн суроо-талабы жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүсү тийиш. Конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген учурда, конкурстук сунуштарды чогултуу мөөнөтү конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр бекитилген күндөн тартып 15 календардык күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылат. Конкурска катышуу үчүн сунуштардын өзгөртүлгөн суроо-талабы жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбооруна өзгөртүүлөр бекитилген күндөн тартып кийинки календардык күндөн кечиктирилбестен квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун бардык катышуучуларына жеткирилүүсү тийиш.

3. Техникалык жана финансылык сунуштарды камтыган конкурстук сунуштарды чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн, бирок квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору жиберилген датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.

4. Конкурстун жеңүүчүсүн тандоону жүргүзүү үчүн бир конкурстук сунушту берүү жетиштүү.

5. Конкурстун катышуучусу конкурстук сунуштун кепилдик камсыз кылуусун берүүгө тийиш, анын шарттары конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында аныкталат.

6 Конкурстук комиссия тарабынан техникалык жана финансылык сунуштары конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына ылайыктуу жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мыкты шарттарын камтыйт деп таанылган конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланат. Конкурстук комиссия тарабынан конкурстун бардык катышуучуларынын техникалык жана/же финансылык сунуштарын конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабынын талаптарына ылайык келбейт деп таанылган учурда конкурстук комиссия конкурсту өткөн жок деп тааныйт жана кайрадан конкурс жарыялоого укуктуу.

7. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына жарыялайт.

8. Конкурска катышууга байланыштуу конкурстун катышуучулары тарткан чыгымдар конкурстун натыйжаларынан көз карандысыз орду толтурулууга жатпайт.

9. Конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсү берген маалымат чындыкка ылайык келбегенин аныктаган учурда, мындай ылайык келбестик документтер менен ырасталган шартта, конкурстук комиссия конкурстун жеңүүчүсүн же конкурстун башка катышуучусун дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, алар конкурска катышуудан чыгарылат жана МЖӨ долбоору боюнча 5 жыл бою конкурстарга катышууга укуксуз болот.

10. Конкурстун жеңүүчүсү дисквалификацияланган учурда, конкурстук комиссия конкурстун жыйынтыктары боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген конкурстун катышуучусун жеңүүчү деп дайындоого укуктуу.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-14)
