# 12-берене. Квалификациялык тандоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 12-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-12

---

1. Квалификациялык тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтында конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын жарыялайт. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата конкурс өткөрүлгөн учурда конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы эл аралык ресурстарда да жарыяланышы мүмкүн.

2. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн, бирок конкурска катышуу үчүн квалификациялык суроо-талап жарыяланган датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.

3. Квалификациялык тандоону жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир билдирме берүү жетиштүү.

Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген квалификациялык тандоого катышууга билдирмелер конкурстук комиссия тарабынан четке кагылууга тийиш. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-13)
