# 11-берене. МЖӨ долбоорлору боюнча конкурсту өткөрүүнүн баскычтары

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 11-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-11

---

1. Жеке өнөктөштү тандоо конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан конкурсту өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Конкурсту өткөрүү эрежелери менен аныкталган тартипте өткөрүлөт.

2. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, же болбосо болжолдонгон инвестициялар 100 млн. сомго барабар же андан аз сумманы түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик өнөктөш (мындан ары - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган) чыгат.

3. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сом жана андан ашык болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелеринде белгиленген жол-жоболорго ылайык квалификациялык тандоодон жана конкурстун жеңүүчүсүн тандоодон турган эки этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.

Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомго чейинки МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелерине ылайык конкурстук сунуштарды квалификациялык критерийлер боюнча тандоону кошкондо бир этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашык болгон учурда, МЖӨ долбоору кызыкдар жак квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун өткөрүү жолу менен ыйгарылышы мүмкүн.

МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-12)
