# 10-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо

- Документ: [Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112275)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 98 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275#diff=1077389..35974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3068/edition/1077389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112275/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө, 10-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-10

---

1. МЖӨ долбоорун даярдоо мамлекеттик өнөктөш же кызыкдар жак тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту же жеке демилге жөнүндө сунушту даярдоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо жана МЖӨнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча фондцор (мындан ары - Фонд) түзүлүшү мүмкүн. МЖӨ долбоорлорун даярдоого багытталган Фонддун каражаттарынын орду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жеке өнөктөш тарабынан толтурулууга тийиш.

2. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш же жеке демилге жөнүндө сунуш конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

3. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш же жеке демилге жөнүндө сунуш бекитилгенден кийин мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорунун бюджетине МЖӨ долбооруна мониторингин жүргүзүүгө финансылык каражаттарды киргизүү менен конкурстук документтерди даярдоону жүзөгө ашырат.

4. Эгерде МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каражаттарды алууну караса, анда конкурстук документтер бекитилгенге чейин бюджеттик саясат боюнча тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашылуусу тийиш.

Мамлекеттик бюджет үчүн фискалдык тобокелдиктерге, анын ичинде тикелей жана шарттуу милдеттемелер маселелери боюнча конкурстук документтерди кароо жана макулдашуу конкурстук документтер алынган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган конкурстук документтерди бекитет, конкурстук комиссияны түзөт жана бекитет жана жеке өнөктөштү тандоо боюнча конкурсту өткөрөт.

6. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болууга жана бештен кем эмес адамдан түзүлүүгө тийиш. Конкурстук комиссиянын курамына мамлекеттик өнөктөштүн өкүлдөрү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбага жана билимге ээ адис, экономика же финансы, юриспруденция жаатындагы адистер, долбоор түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү коомчулуктун өкүлү кирет. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын кагылышуусу болбоосу тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112275/st-11)
