# КР 2021-жылдын 9-августундагы № 95 "«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 9-августундагы № 95 "«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3065/edition/1079864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 9-августундагы № 95 "«Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (09.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112272

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 9-августу № 95 «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1- берене «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 391-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 11-пункту күчүн жоготту леи таанылсын;

2) 10-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча пайыздык ставка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.»;

б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

в) З-бөлүгүндө «беш» деген сөз «он беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

д) 5- бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсьн:

«5. Ипотекалык насыя катышуучуга улуттук валютада насыя бергени үчүн комиссиясыз берилет. Зарыл болгондо катышуучу сатып алып жаткан турак жайын кепилдикке коюп насыя алууга укуктуу.». 2- берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2021-жылдын 30-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
