# КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 "Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 "Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3061/edition/1102584/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 "Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112268

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 28-июлу № 88 Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-1)

"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 18-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-2)

"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 22-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-3)

"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 31-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;

2) 23-беренеде "администрациялык жана жазык жоопкерчилигин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-4)

"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;

2) 37-берененин 5-бөлүгүндөгү "администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-5)

"Туракжайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-23)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "23-берене. Жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-6)

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112268/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-июлундагы № 83 (3262) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 16-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
