# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112267)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112267/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3060/edition/1102420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112267/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112267/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 314-берененин 2-бөлүгү "анын ишине" деген сөздөрдөн кийин "көндүрүү, азгырып жалдоо же" деген сөздөр менен толукталсын;

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3151-берене менен толукталсын:

"3151-берене. Экстремисттик ишти каржылоо

1. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну-даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталат же пайдаланылат деген ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды берүү, каржылык кызматтарды көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражат жыйноо -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасаган адамдарга тиешелүү каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүү болуп таанылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112267/st-2)
