# 18-берене. Камсыздандыруу пулун түзүү

- Документ: [Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112264)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 30-июнундагы N 82 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112264/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3057/edition/1072724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112264/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 18-берене (30.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112264/st-18

---

1. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Камсыздандыруу пулун башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо менен аныкталуучу камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) камсыздандыруу пулун башкаруу жана иштетүү эрежелерин;

2) ушул тутумдун операциялык чыгымдарын жабуу үчүн камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалымат тутумуна кирүү мүмкүндүгүн берүүгө, комиссиялык жыйымдын өлчөмүн;

3) камсыздандыруу уюмдарын камсыздандыруу пулунун маалымат тутумуна кошуу тартибин жана шарттарын;

4) камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу пулуна кирүүсү үчүн келишимдин формасын жана талаптарын.

4. Камсыздандыруу уюмдары түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу пулуна тобокелдиктин 100 пайызына чейин жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн 85 пайызынан ашык эмесин өткөрүп берүүгө милдеттүү.

5. Милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатуу боюнча операциялар камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу пулунун бирдиктүү маалымат тутуму аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.

6. Камсыздандыруу пулун башкаруучу камсыздандыруу уюму камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылган кайра камсыздандыруу программасына ылайык кабыл алынган тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну жүзөгө ашырууга тийиш.";

9) 19-берененин 2-бөлүгүндө "жана Фондго" деген сөздөр алып салынсын;

10) 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20-берене. Маалыматтар базасын түзүү үчүн маалыматтарды берүү

1. Маалыматтар базасы милдеттүү камсыздандыруунун ар бир түзүлгөн келишими жөнүндө, камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн көлөмдөрү тууралуу, камсыздандыруу окуялары жана камсыздандыруу ордун толтуруу суммалары, ошондой эле камсыздандырылган турак жайлардын негизги мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтарды камтыйт.

2. Маалыматтар базасын түзүү үчүн маалыматтарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";

11) 21-берененин 1-бөлүгүндө "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" деген сөздөр "Камсыздандыруу уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112264/st-12)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112264/st-2)
