1-берене
Күчүндө · 30.06.2021 редакциясы
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-беренеде:
а) 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзгөн юридикалык же аракетке жарамдуу жеке жак;";
в) 17-пунктунда "(мамлекеттик камсыздандыруу уюму)" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 19 жана 20-пункттар менен толукталсын:
"19) турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу (мындан ары - камсыздандыруу пулу) - юридикалык жак болуп саналбаган жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу программасын ишке ашыруу максатында түзүлгөн, Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобонун негизинде иштөөчү камсыздандыруучулар бирикмеси;
20) шартсыз камсыздандыруу франшизасы - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган жана кызыкчылыгы милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылган, камсыздандырылуучуга же пайда көрүүчүгө камсыздандыруучу тарабынан ордун толтуруп берүүгө жатпаган жана камсыздандыруу суммасынан белгилүү бир пайыз түрүндө белгиленген чыгашалардын бөлүгү.
Эгерде зыяндын өлчөмү шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмү эсептен чыгарылгандан кийинки зыяндын орду толтурулат.";
3) 7-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Турак жайды камсыздандырууну каалаган адам милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруучуну эркин тандоо укугуна ээ. Милдеттүү камсыздандыруу келишими айкын болуп саналат. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучу ага милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызы менен кайрылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде каралган документтерди берген адамга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуксуз.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Камсыздандыруу полисинин шарттары ушул Мыйзамдын талаптарына жана Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул турак жайга милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгон учурда, камсыздандыруу уюмдары тарабынан турак жайды ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө тыюу салынат. Ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүү кошумча камсыздандырууну жабуу түрүндө гана милдеттүү камсыздандырууну жабуу лимитинен тышкары мүмкүн болот.";
4) 8-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда:
- "г", "и", "л", "м" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- "н" пунктчасында "20" деген цифралар "200" деген цифраларга алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "р" пунктчасы менен толукталсын:
"р) чагылгандын уруусу - чагылгандын турак жайга же болбосо башка буюмдарга түз тийүүсү, анын кесепетинен турак жайдын бузулушу же кыйрашы;";
б) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 9-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "беш" деген сөз "он беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11 жана 12-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып он календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун "б", "в" жана "з" пунктчаларында каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү камсыздандыруу келишиминде (полисинде) камсыздандыруу келишиминин башка колдонулуу мөөнөттөрү каралган учурларды кошпогондо, милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирген күндөн тартып бир жылды түзөт.
Берененин тексти 30.06.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112264/st-1" title="1-берене - Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>