# 1-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112258)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112258/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3051/edition/1070121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112258/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (26.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112258/st-1

---

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 46-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "46-глава. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр";

2) 127-берененин 1-бөлүгүндө "жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 128-беренеде "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 129-беренеде "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 130-беренеде:

а) 2-бөлүгүндө "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каражаттар башка максаттарга пайдаланылбайт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112258/st-2)
