# КР 2021-жылдын 18-июнундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 18-июнундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3049/edition/1112749/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 18-июнундагы № 72 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112256

---

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 2021-жылдын 18-июну № 72 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112256/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-берененин 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31) радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын, ошондой эле уулуу жана радиоактивдүү заттардын өндүрүш калдыктарын ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү;";

2) 17-берененин 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"26) кооптуу жүктөрдү ташуу; радиоактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, ташып чыгуу жана ташуу;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112256/st-2)

"Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьяда "Лицензиялоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 10-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) "радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу мамлекеттик органды аныктоо;";

3) 13-статьянын онунчу абзацында "технологиялык" деген сөз "техникалык" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112256/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
