# КР 2021-жылдын 24-июну № 74 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 24-июну № 74 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3045/edition/1082337/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 24-июну № 74 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112250

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 24-июну № 74 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2021-жылдын 19-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112250/st-1)

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 25-статьянын 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "21. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюлган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү жана үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган жакын туугандары (бирок зарыл учурда аларды коштоочу адамдарды кошуп алганда, эки кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Үй-бүлөсү жана жакын туугандары (аларды коштоочу адам), эгерде алар жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Аскер кызматчысы каза болгон учурда анын үй-бүлөсү жана жакын туугандары (бирок үч кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө, ошондой эле үй-бүлөсү тандап алган жаңы жашай турган жерине барууга (аскер кызматчысы каза болгон күндөн тартып алты айдын ичинде) укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112250/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
