Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-03-20.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 20-марты № 33 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 8-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 7, 92-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 81-бөлүк менен толукталсын: "81. "Маданият жана спорт уюмдары" - менчигинин уюштуруучулук укуктук формаларына карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын ишмердигинин негизги түрү маданий баалуулуктарды сактоо, түзүү, өнүктүрүү, жайылтуу жана маданий баалуулуктарды өздөштүрүү жана маданий жыргалчылыктарды түзүп берүү, ошондой эле дене тарбия жана спорт тармагында кызмат көрсөтүү болуп саналат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2008-жылдын 1-апрели № 23 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы №270 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2008 · № 270 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон