# 1-берене

- Документ: [Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112241)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябры № 209 "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112241/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3037/edition/1069084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112241/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112241/st-1

---

"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "тоо этектеринин зонасындагы токойлор" деген сөздөрдөн кийин ", Ысык-Көлдүн айланасындагы чычырканак бадалдары" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи - сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- чычырканак бадалдарын кыюуга тыюу салуу, калыбына келтирүү жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонада табигый экологиялык тутумдарды сактоо боюнча, ошондой эле чарбачылык иш менен алектенген субъекттерди жээктеги зонатардын аймагындагы пансионаттардагы, дагы башка чарбалык объекттердеги чычырканак бадалдарын калыбына келтирүүгө милдеттендирүү боюнча чараларды:

- мөңгүлөрдүн үстүнкү бетинин кирдешине жана булганышына жол бербөө боюнча чаралар, ошондой эле музга айланган алардын аянттарынын мындан ары төмөндөшүнө жол бербөө боюнча чараларды;

- радиоактивдик жана уулуу калдыктарды сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында калдыктарды сактоочу жайдын геотехникалык туруктуулугун бекемдөө боюнча чараларды;

- тоо аймактарында "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК колдонгон автотранспорттук каражаттарды көмүүгө тыюу салуу боюнча чараларды.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112241/st-2)
