1-берене
Күчүндө · 26.07.2011 редакциясы
"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "тоо этектеринин зонасындагы токойлор" деген сөздөрдөн кийин ", Ысык-Көлдүн айланасындагы чычырканак бадалдары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи - сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- чычырканак бадалдарын кыюуга тыюу салуу, калыбына келтирүү жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонада табигый экологиялык тутумдарды сактоо боюнча, ошондой эле чарбачылык иш менен алектенген субъекттерди жээктеги зонатардын аймагындагы пансионаттардагы, дагы башка чарбалык объекттердеги чычырканак бадалдарын калыбына келтирүүгө милдеттендирүү боюнча чараларды:
- мөңгүлөрдүн үстүнкү бетинин кирдешине жана булганышына жол бербөө боюнча чаралар, ошондой эле музга айланган алардын аянттарынын мындан ары төмөндөшүнө жол бербөө боюнча чараларды;
- радиоактивдик жана уулуу калдыктарды сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында калдыктарды сактоочу жайдын геотехникалык туруктуулугун бекемдөө боюнча чараларды;
- тоо аймактарында "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК колдонгон автотранспорттук каражаттарды көмүүгө тыюу салуу боюнча чараларды.".
Берененин тексти 26.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 115
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112241/st-1" title="1-берене - Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>