# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябры № 209 "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябры № 209 "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3037/edition/1069084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябры № 209 "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112241

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 26-июлу № 131 "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

2011-жылдын 24-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112241/st-1)

"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "тоо этектеринин зонасындагы токойлор" деген сөздөрдөн кийин ", Ысык-Көлдүн айланасындагы чычырканак бадалдары" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи - сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- чычырканак бадалдарын кыюуга тыюу салуу, калыбына келтирүү жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонада табигый экологиялык тутумдарды сактоо боюнча, ошондой эле чарбачылык иш менен алектенген субъекттерди жээктеги зонатардын аймагындагы пансионаттардагы, дагы башка чарбалык объекттердеги чычырканак бадалдарын калыбына келтирүүгө милдеттендирүү боюнча чараларды:

- мөңгүлөрдүн үстүнкү бетинин кирдешине жана булганышына жол бербөө боюнча чаралар, ошондой эле музга айланган алардын аянттарынын мындан ары төмөндөшүнө жол бербөө боюнча чараларды;

- радиоактивдик жана уулуу калдыктарды сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында калдыктарды сактоочу жайдын геотехникалык туруктуулугун бекемдөө боюнча чараларды;

- тоо аймактарында "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАК колдонгон автотранспорттук каражаттарды көмүүгө тыюу салуу боюнча чараларды.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112241/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 2-августунда № 62 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
