# 1-берене

- Документ: [Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112235)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 64 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112235/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3031/edition/1277023/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112235/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112235/st-1

---

"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кесиби боюнча окутуунун мазмуну мамлекеттик билим берүү стандартынын жана кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруунун ремпубликалык органы бекитүүчү билим берүү программаларынын негизинде кесиптик башталгыч билим берүү уюму тарабынан иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен биргеликте аныкталат."

2) 7-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- тиешелүү жаттардагы иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен макулдашылган, окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем болбогон негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;"

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112235/st-2)
