# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 64 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 64 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3031/edition/1277023/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 64 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112235

---

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 22-майы № 64 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112235/st-1)

"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кесиби боюнча окутуунун мазмуну мамлекеттик билим берүү стандартынын жана кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруунун ремпубликалык органы бекитүүчү билим берүү программаларынын негизинде кесиптик башталгыч билим берүү уюму тарабынан иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен биргеликте аныкталат."

2) 7-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- тиешелүү жаттардагы иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен макулдашылган, окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем болбогон негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;"

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112235/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөтө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Президент Кыргызской Республики

С.Жапаров

2021-жылдын 21-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
