Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 22-майы № 64 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кесиби боюнча окутуунун мазмуну мамлекеттик билим берүү стандартынын жана кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруунун ремпубликалык органы бекитүүчү билим берүү программаларынын негизинде кесиптик башталгыч билим берүү уюму тарабынан иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен биргеликте аныкталат."
2) 7-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тиешелүү жаттардагы иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен макулдашылган, окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем болбогон негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;"
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөтө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики
С.Жапаров
2021-жылдын 21-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон