# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 67 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 67 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3030/edition/1066878/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 67 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (22.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112234

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 22-майы № 67 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112234/st-1)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 20018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 141-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 13-пункту «иштер боюнча» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле жол кыймылын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өндүрүп алууга байланыштуу иштер боюнча» деген cөздөр менен толукталсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 351 – пункт менен толукталсын:

“351 архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарууга түздөн-түз байланыштуу доолор боюнча бардык инстанцияларда доочу жана жоопкерлер катары чыгуучу ведомстволук бөлүмдөрү жана ишканалары;”

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112234/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 21-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
