Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-майы № 67 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 20018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 141-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 13-пункту «иштер боюнча» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле жол кыймылын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өндүрүп алууга байланыштуу иштер боюнча» деген cөздөр менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 351 – пункт менен толукталсын:
“351 архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарууга түздөн-түз байланыштуу доолор боюнча бардык инстанцияларда доочу жана жоопкерлер катары чыгуучу ведомстволук бөлүмдөрү жана ишканалары;”
2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 21-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.