# 842-берене. Телөөнүн өлчөмү жана тартиби

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жонүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112232)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-майындагы № 61 "Салыктык эмес кирешелер жонүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112232/st-842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3028/edition/1066872/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жонүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу, 842-берене (06.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112232/st-842

---

1. Сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымынын өлчөмү, тартиби жана төгүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Сымап камтылган буюмдарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди өндүрүүчү, импорттоочу утилдештирүү жыйымын продукциянын өздүк наркына кошот.

3. Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен ресиубликалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди кайра иштетүү боюнма уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди пайдалануудан калган калдыктарды жыйноого. ташууга, кайра иштетүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо каржылоого жумшалат.”

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112232/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112232/st-2)
