842-берене. Телөөнүн өлчөмү жана тартиби
Күчүндө · 06.05.2021 редакциясы
1. Сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымынын өлчөмү, тартиби жана төгүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Сымап камтылган буюмдарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди өндүрүүчү, импорттоочу утилдештирүү жыйымын продукциянын өздүк наркына кошот.
3. Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен ресиубликалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди кайра иштетүү боюнма уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашыруу аркылуу сымап камтылган буюмдарды, полимердик жана желим баштыктарды (товардык позицияда ТЭИ ТН коддору 3923100000, 3923291000 жана 3923299000), бөтөлкөлөрдү жана идиштерди пайдалануудан калган калдыктарды жыйноого. ташууга, кайра иштетүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо каржылоого жумшалат.”
Берененин тексти 06.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
842-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112232/st-842" title="842-берене - Салыктык эмес кирешелер жонүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>