# 4-берене. Укук бузуулардын алдын алуунун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 4-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-4

---

1. Укук бузуулардын алдын алуунун максаттары жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин гөмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.

2. Укук бузуулардын алдын алуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;

2) жарандардын укуктук ан-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигии жогорулатуу, мыйзамдуулукту бекемдөө, ошондой эле укук бузууларга жана мыйзам бузууларга карата жол берилгис мамилелерди калыптандыруу;

3) укук бузуулардын алдын алуу системасын түзүү жана мамлекеггик органдарды кылмыштуулуктун кесеиеттери менен күрөшүүдөн укук бузуулардын алдын алууга кайра багыттоо;

4) укук бузууларды жасоонун себепгерин жана укук бузууларды жасоого оболго болуучу шарттарды изилдөө жана аныктоо, аларды чегтетүү боюнча чараларды көрүү;

5) укук бузуулардан жабырлануучуларды, укук бузууларды жасоого конген адамдарды, ошондой эле укук бузууларды жасаган адамдарды социалдык реабилитациялоо жана социалдык көнүктүрүү;

6) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-5)
