# 28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231#diff=1278497..1278498>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 28-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-28

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күнден тартып алты ай өткондөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмонкүлөр күчүн жоготту ден таанылсын:

1) «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы,2005-ж., № 9, 640-ст.);

2) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1044-ст.);

3) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлердү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2725-ст.);

4) «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1,26-ст.);

5) «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 291-ст.);

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

-алты айлык мөенөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

2021-жылдын 24 мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

С.Н.Жапаров

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-27)
