# 22-берене. Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 22-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-22

---

1. Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы - бул укук бузуулардын атайын алдын алуу субъекттеринин укук бузуулардын атайын алдын алуу объекта менен укук бузууларды жасоосун алдын ала эскертүү жана жол бербөө жана ага алдын алууга таасир этүү максатында иштөө планы. Укук бузуулардын жеке алдын алуу планы укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин ыктыярдуу макулдугу менен иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат

2. Укук бузуулардын жекече алдын алуу планы төмөнкүлердү камтыйт:

1) укук бузуулардын алдын алуу объектине анын жашаган, иштеген, окуган жери боюнча байкоо жүргүзүү чараларын;

2) үй-бүлө мүчөлөрүнөн, кошуналарынан, чогуу иштеген кесиптештеринен, педагогдордон жана мугалимдерден укук бузуулардын атайын алдын алуу объектинин жүрүм-туруму жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;

3) жарандарды сурамжылоо;

4) сураштырып билүү;

5) укук бузуулардын атайын алдын алуу объектине психологиялык жана социалдык жардам алуусуна комок көрсөтүү;

6) укук бузуулардын алдын алуу боюнча коомдук жана билим берүү иш-чараларына катышуу.

7) Жашы жете элекке карата укук бузуулардын жеке алдын алуу планы анын ата-энесинин (же камкорчуларынын), педагогдордун жана психологдордун катышуусу менен түзүлөт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-23)
