# 21-берене. Прокурордук чара көрүү актысы, расмий эскертүү

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231#diff=1278497..1278498>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 21-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-21

---

1. Укукка каршы жосундар даярдалыг жаткандыгы тууралуу маалыматтар болгон учурда. укук бузуулардын алдын алуу максатында прокурор «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык прокурордук чара көрүү актысын чыгарат.

2. Укук бузууларды жасоонун алдын ала эскертүү максатында укук бузуулардын алдын алуу субъекта тарабынан укук бузууларды даярдоого же жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу жүзүндогү расмий эскертүү берилет.

3. Расмий эскертүү темөнкү жарандарга берилет:

1) мас абалында, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшошторду, ууландыруучу же башка маң кылуучу заттарды колдонуудан келип чыккан абалда жасалган укук бузуусу үчүн жыл ичинде кайрадан жоопкерчиликке гартылган;

2) үй-бүлө мүчөсүнө карата жасаган укук бузуусу үчүн жоопкерчиликке тартылган;

3) мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга. башка жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурушу жана зыян келтириши же укук бузууларды жасоого алып келиши мүмкүн болгон жосундарды жасагандыгы тууралуу маалыматтарды алган.

4. Укук бузууларды атайын алдын алуу субъектинин кызмат адамы расмий эскертүү жарыялайт жана эскертүү чыгарылган адамга расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырат, анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

5. Расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн алгандыгы жана укуктары жана милдеггери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу расмий эскертүүнүн түп нускасында ага карата расмий эскертүү чыгарылган адам жана расмий эскертүүнүн көчүрмөсүн тапшырган жана укуктарын жана милдетгерин түшүндүргөн кызмат адамы тарабынан тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.

6. Эгерде ага карата расмий эскертүү чыгарылган жаран расмий эскертүүнүн түп нускасына кол коюудан баш тартса, расмий эскертүүнүн кочүрмөсүн тапшырган кызмат адамы бул тууралуу расмий эскертүүнүн түп нускасына жазуу жүргүзөт.

7. Расмий эскертүүнүн формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-22)
