# 2-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231#diff=1278497..1278498>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 2-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) укук бузуу - укук бузуу жана кылмыш кылуу объекттеринин муну жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган укукка каршы жосуну (аракети же аракетсиздиги);

2) укук бузуулардын алдын алуу - укук бузуулардын алдын алуу субъекттери тарабынан көрүлүүчү, жарандарды коргоо деңгээлин жогорулатууга, кылмьш1туулуктун деңгээлин төмөндөтүүге, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, четтетүүгө түздөн-түз же кыйыр түрдө багытталган укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын системасы;

3) укук бузуулардын алдын алуу предмети – укук бузуу жана кылмыш субъекттери тарабынан укук бузуулардын жасалышына өбөлгө болуучу объективдүү жана субъективдүү себептер жана шарттар;

4) укук бузуулардын алдын алуу объекти - укук бузуулардын алдын алуу багытталган жеке жана юридикалык жактар;

5) укук бузуулардын алдын алуу субъекти - ушул Мыйзамга ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөго ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык жана жеке жактар укук бузуулардын алдын алууну жүзөго ашырууда алдын алуу субъекттерине көмөк көрсөтө алышат;

6) социалдык тобокелдик топторундагы адамдар - турмуштук оор кырдаалдарга туш болгон, экономикалык, социалдык кыйынчылыктарга, ички жана тышкы миграцияга байланышкан көйгөйлөрдү башыиан өткөрүп жаткан үй-бүлөлөрдө жашаган жарандар, анын ичинде бапдар жана жаштар;

7) социалдык жат жүрум-турум – укук бузуу же кылмыш болуп саналбаган, бирок укук бузууларга алып келиши мүмкүн болгон жеке жактын аракети же аракетсиздиги;

8) укук бузуулардын алдыи алуу боюнча биргелешкен план - конкреггүү аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча күн мурунтан белгиленген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген иш-чаралардын комплекси.

(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-3)
