# 17-берене. Укук бузуулардын атайын алдын алуу

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 17-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-17

---

Укук бузуулардын атайын алдын алуу болуп укук бузуулардын айрым түрлөрүн алдын алууга, аларды жасоонун себептерин жана шарттарын четтетүүгө, адамдардын өзүнчө категорияларын аныктоого жана аларга төмөнкүлөр боюнча алдын алуунун таасир этүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин иши саналат:

1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттери тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуулардын алдын алуу;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу;

3) адам сатуунун, эмгектик эксплуатациялоонун. кулчулуктун жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу;

4) радикалдуулукту төмөндөтүү, экстрем измди жана терроризмди ооздукгоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;

5) аракечтиктин, баңгиликтин, токсикоманиянын алдын алуу;

6) коррупцияга карты аракеттенүү жана кызматтык кылмыштардын алдын алуу;

7) орт жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-18)
