17-берене. Укук бузуулардын атайын алдын алуу
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 3-глава
Укук бузуулардын атайын алдын алуу болуп укук бузуулардын айрым түрлөрүн алдын алууга, аларды жасоонун себептерин жана шарттарын четтетүүгө, адамдардын өзүнчө категорияларын аныктоого жана аларга төмөнкүлөр боюнча алдын алуунун таасир этүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин иши саналат:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук бузуулардын алдын алуунун башка субъекттери тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуулардын алдын алуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу;
3) адам сатуунун, эмгектик эксплуатациялоонун. кулчулуктун жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу;
4) радикалдуулукту төмөндөтүү, экстрем измди жана терроризмди ооздукгоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
5) аракечтиктин, баңгиликтин, токсикоманиянын алдын алуу;
6) коррупцияга карты аракеттенүү жана кызматтык кылмыштардын алдын алуу;
7) орт жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-17" title="17-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>