# 16-берене. Укук бузуулардын жалпы алдын алуу

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 16-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-16

---

Укук бузуулардын жалпы алдын алуу укук бузуулардын алдын алуу субъектгери тарабынан төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды, ички ведомстволук пландарды жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү иш жөнүндө коомчулукка маалымдоо боюнча иш-чараларды бскитүү жана ишке ашыруу;

2) программаларды жана пландарды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;

3) коомдук коопсуздук жана кылмыштуулукка карты күрөшүү чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү, криминологиялык статистика жана талдоо жүргүзүү;

4) коомдук коопсуздук жана укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-17)
