# 13-берене. Укук бузуулардын алдын алууга коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жарандардын катышуусу

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 63 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "Об основах профилактики правонарушений", "О тишине")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045950)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231#diff=1278498..53246>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 13-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-13

---

Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) укук бузуулардьш алдын алуу субъекттерине укук бузуулардьш алдын алууда жана укук тартибин камсыз кылууда социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоону жана жардамды көрсөтүүгө, анын ичинде:

а) коомдук алдын алуу борборлорунун, укук бузуулардьш алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын ишине кагышууга;

б) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп чыгууга катышууга;

в) укук бузуулардын алдын алуу жана укук тартиби чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүүго жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бсрүүгө;

г) укук бузуулардын алдын алууга катышууга, укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө протоколдорду кароого жана түзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына андан ары берүү үчүн тынчтыкты камсыз кылуу менен байланышкан талаптарды бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт түзүүгө;

2) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук иштерди жүзөгө ашырууга;

3) укук бузуулардын алдын алуу субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө;

4) укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишти өркүндөтүү тууралуу сунуштарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;

5) жашы жете элек жетим балдар жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган, туугандары менен карым-катышын жоготкон жана турак жайы жок адамдар жана укук бузуулардын алдын алуунун башка объекттери үчүн баш калкалоо жайларды, көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборлорун түзүүгө;

6) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландардын ишке ашырылышынын коомдук мониторингин жүзогө ашырууга;

7) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун кез карандысыз баалоону жүзөгө ашырууга.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-14)
