13-берене. Укук бузуулардын алдын алууга коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана жарандардын катышуусу
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 мая 2026 года № 63
Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) укук бузуулардьш алдын алуу субъекттерине укук бузуулардьш алдын алууда жана укук тартибин камсыз кылууда социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка колдоону жана жардамды көрсөтүүгө, анын ичинде:
а) коомдук алдын алуу борборлорунун, укук бузуулардьш алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын ишине кагышууга;
б) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп чыгууга катышууга;
в) укук бузуулардын алдын алуу жана укук тартиби чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүүго жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бсрүүгө;
г) укук бузуулардын алдын алууга катышууга, укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө протоколдорду кароого жана түзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына андан ары берүү үчүн тынчтыкты камсыз кылуу менен байланышкан талаптарды бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт түзүүгө;
2) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук иштерди жүзөгө ашырууга;
3) укук бузуулардын алдын алуу субъекттери менен өз ара аракеттенүүгө;
4) укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишти өркүндөтүү тууралуу сунуштарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;
5) жашы жете элек жетим балдар жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган, туугандары менен карым-катышын жоготкон жана турак жайы жок адамдар жана укук бузуулардын алдын алуунун башка объекттери үчүн баш калкалоо жайларды, көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборлорун түзүүгө;
6) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландардын ишке ашырылышынын коомдук мониторингин жүзогө ашырууга;
7) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун кез карандысыз баалоону жүзөгө ашырууга.
(КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 мая 2026 года № 63 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "Об основах профилактики правонарушений", "О тишине")"Редакцияларды салыштыруу
13.05.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бсрүүгө; кошулду: г) укук бузуулардын алдын алууга катышууга, укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө протоколдорду кароого жана түзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына андан ары берүү үчүн тынчтыкты камсыз кылуу менен байланышкан талаптарды бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт түзүүгө; 2) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча маалыматтык жана … ишинин натыйжалуулугун кез карандысыз баалоону жүзөгө ашырууга. кошулду: (КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-13" title="13-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>