# 11-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 11-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-11

---

1) Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош шаарларынын, областтык маанидеги шаарлардын мэриялары укук бузуулардын алдын алуу боюнча өздөрүнүн аймактык координациялык комиссияларын түзөт. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялардын курамына жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, укук бузуулардын алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүнь өкүлдөрү, коомдук бирикмелер, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

2. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош шаарларынын жана обласпык маанидеги шаарлардын мэрлери же болбосо алардыи орун басарлары жетектейт.

3. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиялар:

1) алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат жана координациялайт, укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш пландарды талкуулайт жана беки гет;

2) укук бузуулардын алдын алуу субъекттери болуп саналган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, коомдук алдын алуу борборлорунун жетекчилеринин Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө жылдык отчетторун угат;

3) коомдук алдын алуу борборлорунун ишине, анын ичинде грантгык, техникалык жана донордук жардамдарды тартуу жолу менен финансылык комок корсотот, коомдук алдын алуу борборлорунун ишин координациялайт;

4) бюджетник каражагтарды бөлүштүрүүдө, алдын алуу иш-чараларын жүр\]'үзүүдө аксакалдар сотторуна, аялдар кецештерине, жаштар уюмдарына жана коммерциялык эмес уюмдарга магериалдык же башка жардамдарды корсотот;

5) укук бузуулардын себептерин жана шарттарын четтетүүгө (нейтралдаштырууга) түрткү берүүчү, жарандардын мыйзамга баш ийген жүрүм-турумуна дем берүүчү, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын экономикалык, маданий жана башка ишинин формаларын онүктүрөт;

6) аймактык пробация органдарына комок корсотот, эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар үчүн социалдык реабилитациялоо борборлорун түзөг жана иштөөсүн камсыз кылат;

7) балдарды коргоо боюнча, билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы балдардын иштери боюнча комиссия, жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана социалдык маселелер боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын комиссиясы менен кылмыштуулукка. баңгиликке жана аракечтикке каршы күрөшүү боюнча ар кандай акцияларды өткөрүүдө оз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

8) жергиликтүү кеңештерге укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды каржылоо, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды болүү жөнүндо сунуш киргизет

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-12)
