# 10-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3027/edition/1278497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112231/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө, 10-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-10

---

Укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аймагында:

1) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;

2) коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштурат жана жетекчиликти жүзөгө ашырат, алардын ишине колдоо көрсөтөт;

3) алдын алуунун башка субъекттери менен биргеликте өзүнүн аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды, программаларды бекитет жана ишке ашырат, алардын аткарылышы жонүндө жооптуу тараптардын отчетторун угат;

4) социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарында укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды карайт;

5) социалдык заказды жайгаштыруу, гранттык жардамды бөлүп берүү, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка каржылоо булактарын тартуу аркылуу алардын иши укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарды тартууну карайт;

6) өзүнүн компетенциясынын чектеринде укук бузуулардын жеке алдын алуу пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112231/st-11)
