10-берене. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 2-глава
Укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аймагында:
1) укук бузуулардын алдын алуу субъекттеринин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;
2) коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштурат жана жетекчиликти жүзөгө ашырат, алардын ишине колдоо көрсөтөт;
3) алдын алуунун башка субъекттери менен биргеликте өзүнүн аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды, программаларды бекитет жана ишке ашырат, алардын аткарылышы жонүндө жооптуу тараптардын отчетторун угат;
4) социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарында укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды карайт;
5) социалдык заказды жайгаштыруу, гранттык жардамды бөлүп берүү, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка каржылоо булактарын тартуу аркылуу алардын иши укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарды тартууну карайт;
6) өзүнүн компетенциясынын чектеринде укук бузуулардын жеке алдын алуу пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112231/st-10" title="10-берене - Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>