# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112223)
- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 25-февралы № 21 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112223/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3019/edition/1066082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112223/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (25.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112223/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-статьянын 1-пунктунда "администрациялык укук бузуучулуктун" деген сөздөр "бузуулардын" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 24-статьянын 7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Автомототранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке койбоо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.";

3) 28-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле тартиптик жана жазык жоопкерчилигине алып келет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112223/st-2)
