1-берене
Күчүндө · 25.02.2021 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьянын 1-пунктунда "администрациялык укук бузуучулуктун" деген сөздөр "бузуулардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 24-статьянын 7-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомототранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке койбоо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.";
3) 28-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 31-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле тартиптик жана жазык жоопкерчилигине алып келет.".
Берененин тексти 25.02.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112223/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>