1-берене
Күчүндө · 25.12.2020 редакциясы
2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурда даярдыкты жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардамдашууну камсыз кылуу боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашуу төмөнкү эскертме менен ратификациялансын: «Ядролүк авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурда даярдыкты жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардамдашууну камсыз кылуу боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашуунун жардам көрсөтүү боюнча топторуна камакка алуудан, кармоодон жана соттук териштирүүдөн иммүнитет берүү бөлүгүндө ишке ашыруусу топтордун курамындагы адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камакка алууну, кармоону жана соттук териштирүүнү караган укук бузуулардын келип чыгышына жол бербөөгө мүмкүн болгон, бирок өздөрүнүн ниеттенген иш-аракеттери менен мындай бузууларга жол берген учурларды кошпогондо, жүзөгө ашырылат.».
Берененин тексти 25.12.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112222/st-1" title="1-берене - 2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан үчүрда даярдыкты жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардамдашууну камсыз кылуу боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макүлдашууну ратификациялоо тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>