# КР 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3014/edition/1102578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112218

---

КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 29-апрели № 58 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112218/st-1)

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 120-2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"120-2-берене. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу), - 8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";

2) 135-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"135-берене. Эл аралык автомобилдик ташуулардын эрежелерин бузуу

1. Транспорт каражатын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Эл аралык катнашта жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген маршрутунан четтөө, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Автомобиль транспорту менен эл аралык үзгүлтүксүз эмес жүргүнчүлөрдү ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашырышы, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабаганы, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген кабарламаны аткарбастан, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн маршруттан четтөө, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";

3) 305-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жол кыймылынын эрежелерин же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото- жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык кара-жаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112218/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 4-майындагы № 40 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2021-жылдын 24-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
